Ссылки доступа

«The Current Time» теледолбоору«Борбор Азия» программасын сунуштайт


«Учур» («The Current Time») телеберүү долбоору жарым сааттык «Борбор Азия» маалымат көрсөтүүсүн обого чыгара баштады.

«Борбор Азия» -«инфотаймент» стилиндеги ачык, динамикалуу, интерактивдүү программа, деген пикирде долбоордун жетекчисиКенан Алиев.

«Борбор Азия» берүүсүндө чөлкөмдөгү саясий, экономикалык, социалдык жана маданият тармагындагы орчундуу окуялар, ошондой эле дүйнөлүк маанилүү жаңылыктар талданат.

Аймактагы мамлекеттердеги илим, билим берүү, көркөм өнөр, тарых жана спорт тармактарында болуп жаткан окуяларга өзгөчө көңүл бөлүнөт.

Программаны Борбор Азия өлкөлөрүнүн баш калааларында, Москвада, Брюсселде, Лондондо, Вашингтон, Нью-Йорк жана Бээжинде жайгашкан бөлүмдөрдүн адистери даярдашат. Бириккен редакция Прагадан орун алып, ал жерлерде да өз кесибин мыкты билген редактор, продюсер, режиссер, тв-дизайнер, журналисттер жанадиджитал-адистер топтолгон. Программаны Борбор Азияга белгилүү алып баруучу Динара Егеубаева (Аргин) алып барат.

Быйыл сентябрда ишке киришкен долбоор өз жемишин берип жатат.Борбор Азиядагы бир нече алдыңкы телекомпаниялар «Учур» долбоору даярдаган берүүлөрдү көрсөтүүдө.

XS
SM
MD
LG