Ссылки доступа

АКШда аялдар бардык аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөй алышат


АКШнын коргоо министри Эштон Картер бейшембиде бардык аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөөгө аялдарга уруксат берүү тууралуу буйрукка кол койгонун билдирди. Аялдар деңиздеги аскер бөлүктөр менен өзгөчө багыттагы отряддарга да кабыл алынары күтүлүүдө.

Бул чечим аскерий бөлүктөрдө жүргүзүлгөн 3 жылдык иликтөөдөн кийин кабыл алынды. Америкада 2013-жылга чейин аялдарга жоокерлик милдет өтөөгө тыюу салынган болчу.

Президент Барак Обама куралдуу күчтөрдө тарыхый өзгөрүүлөр жасалып жатканын, бул кадам тармакты бекемдей турганына ишенерин айтты.

Деңиздеги аскер башкармалыгы болсо Пентагонду айымдарды кээ бир бөлүктөрдө милдет өтөөдөн оолактатууга чакырды. Мындай демилгени эркектерге караганда аялдардын күч-кубаты төмөн деген пикир менен байланыштырган. Бирок коргоо министрлиги башкармалыктын сунушун кабыл алган жок.

XS
SM
MD
LG