Ссылки доступа

Кыргыз-өзбек чек арачылары жалпы коркунучтарды талкуулоодо


Өзбекстандын Анжыян шаарында эки мамлекеттин чек ара кызматтарынын биргелешкен жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын чек ара кызматы кабарлады.

Кыргыз тараптан делегацияны аталган мекеменин төрагасы Райымберди Дүйшөмбиев, Өзбекстандын өкүлдөрүн чек ара кошуунунун кол башчысы Рустам Эминжанов жетектөөдө.

Анда чек араны кайтаруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер, кийинки жылга карата кызматташтыктын негизги багыттары тууралуу кеп козголууда.

Тараптар дүйнөдөгү жана чөлкөмдөгү оор кырдаалдарды эске алуу менен ар кандай коркунучтарга каршы туруу үчүн биргелешкен иш-чаралардын топтомун иштеп чыгышат.

XS
SM
MD
LG