Ссылки доступа

Москва бийлиги оппозициянын маршына тыюу салды


Москва шаардык башкармалыгы оппозициянын “Өзгөрүү маршы” деп аталган каршылык акциясын уюштурууга уруксат берген жок. Оппозиция 12-декабрь – Конституция күнүндө нааразылык билдирүүнү көздөп жаткан болчу.

Акциянын уюштуруучуларынын бири, “Каршылык көрсөтүүлөр комитетинин” мүчөсү, журналист Александр Рыклин бийликке расмий өтүнүч жолдонгонун, бирок оң жооп келбегенин ырастады.

Москванын Пушкин аянтынан тартып гүлбактар менен Сахаров көчөсүнө чейин 30 мин адамдын катышуусунда жөө жүрүш уюштуруу боюнча арыз мэрияга 1-декабрда жолдонгон.

Андан баш тарткан шаар бийлиги кошумча сунуштарды берген эмес. Оппозиция муну жарандардын укугун бузгандык катары баалоодо. Москва бийлиги буга жооп кайтара элек.

XS
SM
MD
LG