Ссылки доступа

Орусия Түркиядан Борбор Азияга келаткан жүктү өткөрбөй жатат


Түркиядан Борбор Азия өлкөлөрүнө жүк ташып баратканунаалардын жолун Орусиянын чек арачылары тосуп койду.Грузия менен Орусиянын чек арасындагы “Казбек – Жогорку Ларс” чек ара өткөрмө бекетинин алдына жүздөгөн жүк ташуучу көөлүктөр топтолуп турат.

Түркиядан товар жүктөгөн бул фуралар Орусиянын аймагы аркылуу өтүп, Борбор Азия өлкөлөрүнө бараткан болчу. Жер-жемиш жана күнүмдүк эл керектөөчү товарларды Түркиядан ташыгандардын көпчүлүгү Казакстан менен Кыргызстанга таандык. Бирок Орусиянын Чек ара кызматы себебин түшүндүрбөстөн токтотуп, чек ара өткөрмөсүнөн ичкери киргизбей койгон. Бул тууралуу даттанган айдоочулар тобунун айтымында, топтолуп кеткен фуралардын алды чек ара өткөрмөсүнө 26-ноябрда келген. “Казбекте” бир жумадан ашуун убакыттан бери жолдун ачылышын күтүп жаткан казакстандык айдоочу Рузимет Ахмедов Орусиянын чек арачылары кайсы мыйзамдын негизинде аларды өткөрбөй кармап турганын түшүндүрбөгөнүн билдирди.

Орусия учактын атып түшүрүлүшүнө байланыштуу 25-ноябрдан тарта Түркия менен болгон байланыштарын үзө баштаган. Бирок Орусиянын союздаштары Кыргызстан, Казакстан жана Беларустун Түркия менен болгон соода-экономикалык байланыштары туурасында маселе талкуулана элек болчу.

XS
SM
MD
LG