Ссылки доступа

Жон Керри: Сирия боюнча сүйлөшүүлөр Нью-Йоркто болот


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри сүйлөшүүлөр декабрь айында болоорун Вашингтондогу америка-израиль форумунда билдирди.

Керринин айтымында, сириялык оппозиция сүйлөшүүгө катыша турган делегаттарды тандады жана алар сүйлөшүүнү Орусия жана Иран менен чогу жүргүзүүгө даяр.

Сүйлөшүүнүн максаты - алты айдын ичинде ишенимдүү жалпы өкмөт түзүү болуп саналат.

“Бул жараянда жаңы Конституцияны жана 18 ай бою эл аралык байкоолордун алкагында шайлоонун механизмдерин иштеп чыгуу маселелери камтылат, - деди ал.

XS
SM
MD
LG