Ссылки доступа

Кыргызстанда диний кырдаалга көзөмөл күчөтүлөт


Президент Алмазбек Атамбаев ишембиде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиевди кабыл алып, өлкө аймагындагы диний кырдаалга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Мамлекет башчы экстремизм коркунучу дүйнөгө тор жайып жаткан учурда Кыргызстан сак болушу керектигин билдирди.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдагандай, Молдалиевге тийиштүү мекемелердин радикалдашуунун алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан иштерине мониторингди күчөтөп, убагында кабарлап туруу тапшырылды.

Кыргызстанда соңку жылдары диний радикалдашуу күч алып баратканы байма-бай айтылууда. Алдын алуу иштерине карабай, Сирия жана Ирактагы террордук топтордун курамына кошулгандардын саны азая элек. Расмий эсепте ал жакта азыр 400дөн ашуун кыргызстандык бар, айрымдары каза тапты.

XS
SM
MD
LG