Ссылки доступа

Борис Немцовдун өлүмү боюнча тергөө аяктады


Орусиянын Тергөө комитети Борис Немцовдун өлүмү боюнча негизги иш иликтенип бүткөнүн билдирди. Быйыл жыл аягына чейин шектүү деп камакка алынгандардын баарына айып тагылат.

Кол салууну Чеченстандын Ички иштер министрлигинин алдындагы "Түндүк” батальонунун мурдагы кызматкери Руслан Мухидинов уюштурган деп шектелүүдө. Тергөөнүн маалыматы боюнча ал Немцовду сыйлык үчүн жок кылууну көздөгөн. Ал эми буйрутма бергендер азырынча белгисиз болууда.

18-ноябрда Москванын Басман райондук соту Мухидиновду сырттан абакка кесүү тууралуу өкүм чыгарган. Ал Немцовдун өлүмүнөн тышкары, курал-жаракты мыйзамсыз саткан деп күнөөлөнүп, федералдык издөөгө алынды.

Орус бийлигин кескин сындап жүргөн активист Борис Немцов быйыл 27-февралда Москванын чок ортосунда атып өлтүрүлгөн. Байкоочулар анын өлүмүн бийликтин буйрутмасы менен байланыштырган. Бирок Кремль мындай сөздөрдү атайын каралоо аракети катары мүнөздөп келет. Немцов көзү тирүү кезинде Орусиянын Украина боюнча саясатына каршы жапырт жүрүш өткөрүүгө чакырык таштаган эле. Кылмышка шектелип кармалгандардын баары Кавказ чөлкөмүнүн тургундары.

XS
SM
MD
LG