Ссылки доступа

Орусия Түркиядан жүк тартып келе жаткан унааларды чек арадан койо берет


Орусиянын федералдык бажы кызматы жакынкы күндөрдө Түркиядан жүк алып келе жаткан машиналарды Евразия экономикалык биримдигинин тышкы чек арасынан өткөрүүнү убада кылды.

Бул тууралуу Казакстандын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик киреше комитетинин башчысы Даулет Ергожин өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Түркиядан Орусиянын аймагы аркылуу транзиттик жол менен келе жаткан ондогон жүк ташуучу унаалар 25-ноябрдан бери орус-грузин чек арасындагы "Жогорку Ларс-Казбек", орус-украин чек арасындагы "Троебортное-Крупец" бекеттеринде турат.

Стамбулдагы "UBS-Стамбул" эл аралык жүк ташуучу компаниянын башчысы Каныбек Осмонов да төрт күндөн бери Орусия менен Грузиянын чек арасындагы "Жогорку Ларс-Казбек" өткөрмө пунктунда Кыргызстанга жана Казакстанга жүк тартып келе жаткан унааларды өткөрбөй жатышканын "Азаттыкка" айткан.

28-ноябрда Орусия президенти Владимир Путин Түркиядан ташылган товарларга чектөө киргизген жарлыкка кол койгон. Бул 24-ноябрда орусиялык Су-24 аскер учагы Түркия-Сирия чек арасында түрктөр тарабынан атып түшүрүлгөндөн кийин жооп чара катары киргизилген. Ошондой бери эки өлкөнүн мамилеси сууп баратат.

XS
SM
MD
LG