Ссылки доступа

Арменияда өткөн референдумда шайлоочулар парламенттик башкарууга өтүүнү колдоду


Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы Конституциялык реформа боюнча алдын ала электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялады.

Ага ылайык, шайлоого катышкандардын 63,35% Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү колдогон. Ал эми шайлоочулардын 32,35 % каршы добуш берген.

Оппозиция өкүлдөрү референдумдун жыйынтыктарын “бурмаланган” деп баалашууда. Ошол эле кезде башкаруучу партия жана реформаны колдогон күчтөр бул референдумду алдыга жылуу катары сыпатташты.

Арменияда 6-декабрда Конституцияга өзгөртүү боюнча референдум өттү. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорунда өлкөнү жарым президенттиктен толук парламенттик башкарууга өткөрүү каралган.

XS
SM
MD
LG