Ссылки доступа

Өзбекстанда 2016-жыл “Дени сак эне менен баланын жылы” деп жарыяланды


Бул тууралуу Ташкенде эл аралык форумдар сарайында өткөн салтанатта Өзбекстандын президенти Ислам Каримов билдирди.

90-жылдардан баштап Конституция күнүнүн астында президент келе жаткан жылдын аталышы тууралуу маалымдайт. 2015-жыл “Улуу муунду колдоо жана көнүл буруу жылы” деп аталган.

Байкоочулардын айтымында, жылдардын аталыштары бири-бири менен окшошкондой кайталанып турат. Мисалы, 2014-жыл “Ден сак баланын жылы” деп аталган.2015-жылдын аталышы 2002-жылдын ысымы менен окшош болгон - “Улуу муундун кызыкчылыктарын коргоо жылы”. Ошондой эле 2014-жылдын аталышы 2000-жылдын ысымы менен окшош – “Дени сак муундун жылы”. “Үй-бүлөнүн жылы” деп 2012 жана 1998-жылдар аталган.

XS
SM
MD
LG