Ссылки доступа

Кыргызстанда Борбор Азиядагы дин коопсуздугу талкууланууда


Бишкекте бүгүн “Борбор Азиядагы диний радикалдашуу: реалдуулук жана миф” деген аталыштагы эки күндүк жыйын башталды.

Эл аралык “Тынчыкты жана согушту чагылдыруу институту” (IWPR ) уюштурган жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанда ишмердик жүргүзүп жаткан дин аалымдары, серепчилер жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү катышып жатат.

Анда аймактагы жагдай өз-өзүнчө талдоого алынып жана экстремизм темасын чагылдырып жүргөн журналисттерге окуулар уюштурулат. Соңунда катышуучулардын ой-пикирлеринин негизинде атайын сунуштама даярдалып, тийиштүү органдарга берилет.

Уюштуруучулар маалымдагандай, иш-чарага каржылык колдоону Норвегия өкмөтү жана Европа кеңеши берүүдө.

Серепчилер Борбор Азияда, анын ичинде Фергана өрөөнүндө диний радикалдашуу курчуп баратканын эскертип келишет.

XS
SM
MD
LG