Ссылки доступа

Москвада Чыңгыз Айтматов атындагы гүлбак пайда болду


Москванын Люсинов менен Чоң Серпухов көчөлөрүнүн кесилиштеринде, Данилов районунда жайгашкан гүлбакка дүйнөлүк маданияттын классиги, кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов атындагы гүлбак ачылды.

Бул тууралуу Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.

2015-жылдын октябр айында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов шаар бийликтерине Айтматов атындагы гүлбакты ачууну расмий түрдө суранган. Москва шаарынын өкмөтү мекемелер аралык комиссиянын чечимине таянып гүлбакка Айтматовдун ысымын ыйгарганга уруксат берген.

XS
SM
MD
LG