Ссылки доступа

Орус элчиси "чагымга" байланыштуу Түркиянын тышкы иштер министрлигине чакыртылды


Бул тууралуу CNN Turk телеканалы билдирет.

“Цезарь Куников” кемесинин палубасынан мүрүсүнө зениттик комплексти коюп алып атканы жаткан орусиялык моряктын фотосүрөтүн “чагым” катары баалаган Түркиянын бийлиги Анкарадагы Орусиянын элчисин Тышкы иштер министрлигине чакырды.

Жекшемби күнү колго көтөрүп жүрүүчү зениттик куралды мүрүсүнө коюп алып мээлеп жаткан орусиялык моряктын сүрөтүн жана бул учурда НАТОнун аскер кемелери Стамбулдун портунда турганын айрым жеке менчик телеканалдар эфирден көргөзгөн болчу.

Түрк бийлиги буга түшүндүрмө берүүнү талап кылган. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги азырынча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG