Ссылки доступа

АКШ Украинаны колдоо үчүн дагы 300 миллион доллар берет


Каражат коопсуздук чараларын күчөтүүгө жумшалары айтылды.

Бул тууралуу дүйшөмбү күнү вице-президент Жо Байден Киевге келип, бийлик өкүлдөрү менен жолугушкандан кийин берген маалымат жыйынында айтып, азыр бул маселенин үстүндө Конгресс иштеп жатканын белгиледи.

Жо Байден экономикалык жактан өнүгүү үчүн украин бийлигин реформаларды жүргүзүүнү тереңдетүүгө жана коррупция менен күрөштү күчөтүүгө чакырды. Ошол эле кезде ал 2014-жылы мартта Крым жарым аралынын Орусия тарабынан аннексияланышын АКШ эч качан тааныбай турганын бекемдеди.

Бул АКШнын вице-президентинин Киевге жасаган төртүнчү жолку иш сапары.

XS
SM
MD
LG