Ссылки доступа

Украина чыгышында он жыл мурун уурдалган 17-кылымдагы сүрөттөр табылды


Украинанын жикчилдер көзөмөлдөгөн аймагында табылган голландиялык тарыхый баалуу сүрөттөр топтому он жыл мурун уурдалып, дайыны билинбей жаткан эле.

Бул тууралуу аталган өлкөнүн түндүк-батышындагы Хоорн шаарында орун алган Вестфрис музейинин жетекчилиги билдирди. Алардын маалыматы боюнча, быйыл июлда Киевдеги Голландия элчилигине эки адам келип, 24 сүрөттөн турган эмгекти сатып алууну сунуштаган. Тарыхый баалуу топтомду Украина чыгышындагы үйлөрдүн биринен таап алышканын билдиришип, 5 миллион евро сурашкан.

Баалуу эмгектер уурдалган 2005-жылы аны тапкандарга мындан эки эсе көп сыйлык жарыяланган эле. Бирок сүрөттөрдүн абалын байкоого жиберилген эксперт азыркы тапта анын баасы 500 миң евродон ашпайт деген бүтүмгө келген. Музейдин директору Ад Гирдинк болсо Голландия сүрөттөрдү кайтарып албаса, жашыруун “кара базарда” сатыкка коюлушу мүмкүндүгүн эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG