Бул маалымат аталган террордук уюмдун Ирактагы бөлүмүнө кошулуп,бирок жакында качып чыгып, тажик бийлигинин колуна түшкөн адамдын көрсөтмөсүнүн негизинде таратылды. Ал согуш талаасында жараат алган полковник Гүлмурат Халимов менен бир батирде жашаганын айтып берген. Халимовдун бутуна жана башына ок тийип, азыр абалы оор экенин да кошумчалаган.
Халимов Тажикстандын Варзоб районунда 1975-жылы туулган. Өлкөдөгү жарандык согуш учурунда президенттик гвардияда кызмат өтөгөн. Андан кийин жогорку билим алып, Ички иштер министрлигине кызматка орношуп, катардагы сержанттан полковникке чейин көтөрүлүп, милициянын атайын багыттагы бөлүмүн жетектеген. АКШ менен Орусиянын тандалма аскердик бөлүктөрүндө да тажрыйба алмашып кайткан.
Тажик Башкы прокуратурасы быйыл 28-майда ага карата кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча иш козгоп, мекенге чыккынчылык кылган, кылмыштуу топко жана башка мамлекеттердин аймагында куралдуу кагылышуулар менен чатактарга катышканы үчүн айыптоодо.