Ссылки доступа

Казакстанда Улуттук банк жетекчисинин орун басарлары алмашты


Президент Нурсултан Назарбаевдин 7-декабрдагы буйругуна ылайык, Улуттук банктын төрагасынын орун басарлары болуп Алпысбай Ахметов жана Галимжан Пирматов дайындалды.

Галимжан Пирматов буга дейре «Камеко Казакстан» компаниясын жетектеп, «Казатомпром» улуттук ишканасынын вице-президенти, БТА банктын башчысынын орун басары, экономика жана бюджет боюнча вице-министр кызматын аркалаган.

Алпысбай Ахметов Улуттук банктын баалуу буюмдарды сактоо жана кассалык операциялар борборунун директору болуп эмгектенген.

Улуттук банктын төрагасынын мурунку орун басарлары Нурлан Кусаинов менен Куат Кожахметов 7-декабрда кызматтан алынган болчу.

Мамлекет башчынын буйругу менен 2-ноябрда башкы банктын жетекчиси алмашып, Данияр Акишев кызматка келген.

XS
SM
MD
LG