Ссылки доступа

АКШ: Сирия армиясына орусиялык учактар сокку урган


Пентагон Сириянын Дайр-уз-Заур шаарындагы аскердик лагерине Орусия бомба таштаган деген пикирди жарыялады.

Бул тууралуу Америка коргоо министрлигинин атын атабаган жогорку даражалуу өкүлү маалымдады.

Буга чейин расмий Дамаск жекшембинин түнүндө 3 жоокердин өлүмү, отуз адамдын жаракат алышы менен коштолгон чабуул үчүн АКШ жетектеген эл аралык коалицияны айыптаган эле.

Вашингтон бул айтылгандарды четке кагып, коалициянын учактары Сириянын аскердик лагеринен 55 километр алыстыкта жайгашкан “Ислам мамлекети” тобу көзөмөлдөгөн мунай кендерине төрт жолу сокку урганын билдирген.

Пентагондогу жашыруун булак маалымат агенттиктерине чабуулду Моздокто жайгашкан орусиялык базага таандык Ту-122 учагы жасаганын радарларга таянуу менен кабарлады.

XS
SM
MD
LG