Ссылки доступа

Кыргыз өкмөтү мамлекет каржылоочу мааракелерди азайтат


Өкмөт мамлекеттин эсебинен каржылануучу маараке тойлорду азайтууну талап кылып жатат.

Бул тууралуу бүгүн вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева мекеме жетекчилери менен өткөргөн жыйында белгилүү болду. Анда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги келерки жылга 75 иш-чарадан турган тизмени сунуштады.

Өкмөт башчынын орун басары аларды иргеп, эгемендиктин 25 жылдыгы, Жусуп Баласагындын 1000 жана Үркүндүн 100 жылдыгы сыяктуу жалпы улуттук маанидегилерин гана тандап алуу керектигин айтты.

XS
SM
MD
LG