Ссылки доступа

АКШ виза берүү эрежесин кайра кароого киришти


Өлкөнүн ички коопсуздук боюнча министри Жей Жонсон америкалык жарандар менен никеге турууну көздөгөн чет элдиктерге виза берүү тартиби кайра каралып жатканын жарыялады.

Бул демилге Калифорниядагы кандуу окуядан кийин көтөрүлдү. Анткени социалдык борбордогу кол салууга шектелген аял Ташфин Малик 2014-жылы америкалык жарандар менен турмуш куруу үчүн өлкөгө кирүүгө уруксат берген 519 пакистандыктын бири экени аныкталган.

АКШнын мамлекеттик департаменти билдиргендей, былтыр 9,9 миллион виза берилсе, анын 36 миңи болочок түгөйлөр алган.

Ташфин Малик жана анын күйөөсү Сайд Ризвана Фарук 2-декабрда Калифорниядагы Сан-Бернардино шаарында орун алган майыптар борборундагы ок атууларды ишке ашырган деп айыпталууда. Кандуу окуяда 14 адам каза таап, 20дан ашыгы жаракат алган. Кол салгандар полиция менен атышууда жок кылынган.

XS
SM
MD
LG