Соңку чечим боюнча Киев Орусияга болгон карыздарын кечиктирген убакта деле Эл аралык валюта фонду каатчылыкка каршы программа үчүн акча берүүнү улантат. Мындай саясат Украинага гана эмес, карыздары бар башка мамлекеттерге да тиешелүү экени айтылды.
Орусия буга каршы добуш берген. Өлкөнүн каржы министри Антон Силуанов муну Орусияга каршы аракет катары кабыл алып, Украина өзүнүн карыздарын төлөбөгөнгө мүмкүнчүлүк алганын айтууда.