Ссылки доступа

Казакстанда студент өзүн өрттөдү


Түркистан шаарында 20 жаштагы студент өзүн өрттөп, ооруканага жаткырылды. Анын денесинин 90 пайызы күйүп кеткен.

Бул тууралуу Түштүк Казакстан облусунун ички иштер департаментинин басма сөз катчысы Салтанат Каракөзова “Азаттыктын” казак кызматына кабарлады.

Өз үйүндө өрттөнүп аткан адам тууралуу маалымат милицияга 7-декабрдын кечинде түшкөн. Азыр ал бейтапкананын реанимация бөлүмүндө. Окуя боюнча кылмыш кодексинин “Адамды өз жанын кыюуга чейин жеткирүү” беренесине ылайык иш ачылды. Студенттин эмне себептен мындай кадамга барганы териштирилип жатат.

XS
SM
MD
LG