Ссылки доступа

Түркия Орусияны “этникалык тазалоо” жүргүзүүдө деп айыптады


Расмий Анкара Орусиянын Сириядагы аскерий операциясы бул өлкөнүн түндүгүндөгү түркмөндөргө жана президент Башар Асадга каршы сунний топторуна каршы багытталганын айтып чыкты.

Өкмөт башчы Ахмед Давутоглы Сириянын түндүгүндөгү түркмөндөр жана сунний топтору орусиялык учактардын бомбалоосунан баш калка издеп, кайда барарын билбеген жагдайга кептелгенин белгиледи. Давутоглы ошол эле кезде Орусиянын аскерий операциясы Сириядагы Башар Асаддын режими менен “Ислам мамлекети” тобун күчтөндүрүүгө багытталып баратканына тынчсыздануусун айтты. Мындан Давутоглы Асаддын оппозициясы болгон этникалык түркмөндөр сыяктуу сунний топтору гана жабыркап жатканына дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурду. Давутоглынын бул билдирүүсү учактын атып түшүрүлүшүнөн улам Түркия менен Орусиянын мамилеси курчуп турган маалда айтылды.

XS
SM
MD
LG