Ссылки доступа

Орусия Түркияда атомдук электр станциясын курууну токтоткону кабарланууда


Түркиядагы биринчи атомдук электр станциясынын курулушу токтотулганын түрк өкмөтүндөгү булактар кабарлады.

“Росатом” компаниясы Аккую шаарындагы станциянын курулушу боюнча келишимди аткаруудан баш тарта электиги, бирок соңку алакага байланыштуу ара абалда калганы айтылууда. Эгерде курулуш тууралуу келишим бузулса, орус тарап компенсация төлөп берүүгө милдеттүү.

Расмий Анкара 20 миллиард долларга бааланган долбоордун курулушун бүткөрүү үчүн башка өнөктөш карап жатат.

Ошол эле маалда "Аккую" станциясын куруп жаткан компаниянын жетекчисинин орун басары Олег Титов курулуш өз нугунда уланып жатканын айтты. 2013-жылы "Росатом" аталган долбоорго буюртма алып, иш быйыл апрелде башталган. Биринчи реактор 2019-жылы пайдаланууга берилери максат кылынган.

Түркия Сирия чек арасынан Орусиянын СУ-24 аскер учагын 24-ноябрда атып түшүргөндөн бери эки өлкөнүн мамилеси кескин начарлап кетти. Түрк бийлиги орус учагы аба мейкиндигин бузганын айтса, расмий Кремл муну жокко чыгарып келет. Окуядан кийин Москва Түркияга карата санкцияларды жарыялады.

XS
SM
MD
LG