Ссылки доступа

Казакстанда соттолуп жаткан мурдагы премьер Серик Ахметов президентке кайрылды


“Коррупцияга аралашкан, ири өлчөмдөгү бюджеттик акчаны туура эмес жумшаган” деп айыпталып жаткан мурдагы өкмөт башчы Серик Ахметов соттогу акыркы сөзүндө президент Нурсултан Назарбаевге кайрылып, аны өзүнүн устаты катары көрө турганын айтты.

Президенттен берилген ишенимди актай албадым деп кечирим сурады. «Эгер сот жана мамлекет башчы кайрадан катарга кошулууга уруксат берсе, өз билимим менен тажрыйбамды өлкө үчүн жумшап, ак экенимди далилдөөгө даярмын», - деди Ахметов.

Мындан тышкары чоң суммада пара алды деген берене боюнча айыптын тастыкталбаганына байланыштуу алып салынганы үчүн тергөөчүлөргө ыраазычылык билдирип, калыс, акыйкат өкүм чыгарылат деген үмүттө экенин кошумчалады.

9-декабрдагы жараянда мурдагы премьер-министрдин жактоочулары анын күнөөсүз экенин, ушул иш менен чогу айыпталып жаткандардын айрымдары куру жалаа жапканын белгилешип, Ахметовду толук актоону соттон өтүнүштү.

Ахметов 2014-жылы ноябрда камакка алынган. Аны менен кошо 21 адамдын соту жүрүүдө. Алардын арасында Караганда облусунун мурдагы башчысы, Караганда шаарынын экс-мэри жана башка аткаминерлер, ишкерлер бар. Прокуратура мурдагы өкмөт башчыны үй-мүлкүн конфискациялоо, мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу менен 12 жылга абакка кесүүнү сураган болчу. Ишти Караганда соту карап жатат.

XS
SM
MD
LG