Ссылки доступа

Түркмөнстанда аткаминерлерге доллар менен евро сатып алууга тыюу салынды


Муну аткарбагандар жумуштан четтетилет.

Бул тууралуу “Түркмөнстан хроникалары” басылмасы жазып чыкты. Маалыматка караганда, 2-4-декабрда бардык мекемелерге эскертүү берилген.

2015-жылдын апрел айында өлкөдө долларды сатып алууга чектөө киргизилген. Ага ылайык, жылына бир кишиге 8 миң долларга уруксат берилип,бир сатып алуу 1 миң доллардан ашпашы керек. Буйруктун негизинде акча алмаштыруу операциялары паспорт менен гана жүргүзүлүп, атайын маалымат базасына киргизилет. Мындай чектөө ишкерлерге да тиешелүү.

Түркмөнстандын каржы системасы чет өлкөлүк валютанын тартыштыгына кабылып, ага болгон муктаждыкты азайтуу аракети көрүлүүдө. Жылдын башында түркмөн манатынын наркы 20 пайыз төмөндөгөн. Өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов экономиканын абалы оор экенин моюнга алган.

XS
SM
MD
LG