Ссылки доступа

Орусиялык аялдар Калифорниядагы кандуу окуяга байланыштуу чалгын кызматтын көңүлүн бурууда


Орусиялык бир туугандар Мария жана Татьяна Черных Калифорниянын Сан-Бернардино шаарындагы террордук кол салууну иликтеген атайын кызматтардын көңүлүн өзүнө бурду.

Шаршембиде АКШ сенатынын чалгын боюнча комитетинин мүчөсү, эл өкүлү Жеймс Риш кол салууда колдонулган куралдын ээси Энрике Маркес жанкечтилер менен байланышта болгонун айтып чыкты. Маркес бир жыл мурун орусиялык Мария Черных менен никеге турса, анын бир тууганы Татьяна, жанкечти Фаруктун агасынын аялы экени аныкталган.

Азыр Американын Федералдык чалгын бюросу жакында эле ислам динин кабыл алган жана Саед Фаруктун жакын досу болгон Энрике Маркестин кол салууга катышы бар-жогун иликтөөдө. Ал бир нече жыл илгери жарым автомат үлгүсүндөгү мылтыкты жана эки тапанчаны мыйзамдуу турдө алып, Саед Фарукка берип же сатып жиберген болушу ыктымалдыгы айтылууда.

Мария Черных террордук кол салууга кириптер деп шектелген жок. Орусиялык бир тууган аялдардын ысымы Американын жарандары менен турмуш куруу үчүн виза алган чет элдиктердин ачыкка чыгышына байланыштуу белгилүү болду. Социалдык борбордо ок аткан Саед Фаруктун аялы пакистандык Ташфин Малик кандуу окуяны уюштурууда башкы ролду ойногонун тергөө билдирүүдө. 2-декабрда 29 жаштагы Сайид Фарук жана анын келинчеги Ташфин Малик социалдык камсыздоо борборуна кирип барышып,ок жаадырышкан. Мындан 14 адам каза болуп, 21 адам жараат алган. Сан-Бернардино шаарындагы массалык адам өлтүрүүгө жоопкерчиликти алган “Ислам мамлекети” тобу ал жубайларды “өзүнүн мужахиддери” деп атады.

XS
SM
MD
LG