Ссылки доступа

Тажик аялдын өлүмүнө шектелип жаткан орусиялык офицер ооруканага жаткырылды


Дүйшөмбү шаарынын 22 жаштагы тургуну Шоира Жобированы өлтүргөн деп шектелген Орусиянын аскерий базасынын офицери Иван Щербаков Екатеринбургда психиатрикалык ооруканага түштү.

Ал ноябрдын ортосунда Тажикстандан экспертизага жиберилген болчу. Бейтапканага түшкөнгө чейин Щербаков тергөө абагында болгону кабарланды. Эми анын психикалык абалына байкоо салынат.

Орус аскер базасынын улук лейтенанты Иван Щербаков Жабборованы өлтүргөн деген шек менен 9-ноябрда кармалган. Маркумдун туугандары орусиялык офицер кызды кордоп, сөөгүн аскер базасынын жанындагы таштандыга ыргытып жибергенин айтышкан.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги орус аскер базаларына жоокерлер тарабынан мындай окуяларга жол бербөө үчүн тиешелүү чараларды көрүү талабы менен Орусияга нота жолдогон.

XS
SM
MD
LG