Ссылки доступа

Цукерберг Facebook'та мусулмандардын укугун коргойт


Facebook'тун башчысы Марк Цукерберг социалдык түйүндө абройго шек келтирүүлөр, мазактоолордон мусулмандарды коргой турганын жарыялады.

Ал Париж менен Калифорнияда болуп өткөн теракттар жана АКШ президенттигине талапкер Доналд Трамптын мусулмандарды киргизбөө сунушунан улам, ислам дининдегилер куугунтуктоого кабылышы мүмкүндүгүн четке каккан жок.

“Facebookта катталган бардык мусулмандарга айтарым: биз силердин укугуңар үчүн дайым күрөшөбүз. Биз тынч жана коопсуз абалды түзүүгө аракет кылабыз”, - деп жазган Цукерберг.

XS
SM
MD
LG