Ссылки доступа

Москва Түркиянын айткандарын четке кагууда


Түркия Сириядагы аскердик операциянын жүрүшүндө президент Башар Асаддын бийлигине каршы чыккан топторго карата “этностук тазалоо” жүргүзүп жатат деп Москваны айыптаган эле.

Орус Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова 10-декабрда Анкаранын айткандарын четке какты.

Түрк премьер-министри Ахмед Давутоглы Сириянын түндүгүндөгү түркмөндөр жана сунний топтору орусиялык учактардын бомбалоосунан баш калка издеп, кайда барарын билбеген жагдайга кептелгенин 9-декабрда жарыялаган. Давутоглы ошол эле кезде Орусиянын аскерий операциясы Сириядагы Башар Асаддын режими менен “Ислам мамлекети” тобун күчтөндүрүүгө багытталып баратканына тынчсыздануусун айтты. Мындан Давутоглы Асаддын оппозициясы болгон этникалык түркмөндөр сыяктуу сунний топтору гана жабыркап жатканына дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурду. Давутоглынын бул билдирүүсү учактын атып түшүрүлүшүнөн улам Түркия менен Орусиянын мамилеси курчуп турган маалга туш келди.

Түркия Сирия чек арасынан Орусиянын СУ-24 аскер учагын 24-ноябрда атып түшүргөндөн бери эки өлкөнүн мамилеси кескин начарлап кетти. Бул маселе азыркыга чейин эки мамлекеттин ортосунда талаш жаратууда. Түрк бийлиги орус учагы аба мейкиндигин бузганын айтса, расмий Кремл муну жокко чыгарып келет. Окуядан кийин Москва Түркияга карата санкцияларды жарыялады.

XS
SM
MD
LG