Ссылки доступа

Өзбекстан эки тажик жаранын бошотту


Өзбек бийлиги10-декабрда Тажикстандын Панжакент районунун Хумри жамаатынын 2 тургуну - Манучехр Амонов менен Рустам Рахимовду абактан чыгарды. Алар эки айдан бери камакта жаткан болчу.

Манучеҳр Амонов бул убакыт аралыгында саламаттыгы начарлап кеткенин, камактагылар тар, сыз бөлмөлөрдө кармала турганын билдирди. Анын айтуусунда, башында өзбек бийлиги аларды чек бараны бузган деп айыптоого аракеттенип, бирок бир айдан кийин депортациялоо чечимин кабыл алышкан.

Амонов менен Рахимовду 21-октябрда Зарафшон дарыясында балык кармап отурган жеринен кармап кетишкен.

“Бизди эч нерсе түшүндүрбөй туруп эле кармап, Өзбекстанга алып келишти. Бул жер Тажикстандын аймагы болгондуктан, өзбек чек арачылары мындай жорукка барарын ойлогон эмеспиз. Коңшу мамлекеттин чек арасынан өткөндөн кийин жоокерлер бизди ур-тепкиге алышты”, - дешет алар.

XS
SM
MD
LG