Ссылки доступа

Орусияда түркиялык студенттер окуудан айдалып жатканы кабарланууда


Москва инженердик-физикалык институтунанбилим алып жаткан түркиялык бир нече студент чыгарылды. Бул тууралуу Орусиядагы түрк студенттер бирлигинин өкүлү Окан Йылдыз«Дождь» телеканалына билдирди.

Анын айтуусунда, полиция жана Федералдык коопсуздук кызматы аталган окуу жайдын Обнинск шаарындагы бөлүмүнүн түрк студенттер жашаган жатаканасында баңгизаттардын бар-жогун текшерген. Укук коргоо органдары аларды террорчуларга колдоо көрсөттү деп да айыптаган.

Орусиянын Воронеж жана Саратов шаарларында окуган түркиялык жаштардын бир тобу да айдалып кеткени кабарланууда. Воронеждеги Жогорку технологиялар институту бул кадамды академиялык жана каржылык карыз менен байланыштырган.

1-декабрда Орусиянын Билим берүү жана илим министрлиги Түркияда атайын келишим менен окуп жүргөн студенттер жакынкы мезгилде мекенине кайтарыла турганын жарыялаган. Ал эми түркиялыктар Орусияда билим алууну уланта берерин билдирген болчу.

Москва менен Анкаранын алакасы 24-ноябрда Сириянын чек арасынан орусиялык Су-24 учагы жок кылынгандан кийин кескин солгундап кетти. Орус бийлиги Түркиядан азык-түлүк жана башка товарларды алып келүүгө тыюу салып, визасыз режимди да жойду.

XS
SM
MD
LG