Ссылки доступа

Милиция кызматкеринин өлүмүнө катышы бар делген экстремисттик топтун мүчөлөрү жок кылынды


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы бейшембиде өткөрүлгөн атайын операция учурунда Чүй аймагында жана Бишкек шаарында теракт уюштурууну көздөгөн экстремисттик топтун эки мүчөсү жок кылынганын билдирди.

Атайын операция учурунда террордук уюмдун мүчөсү делгендер куралдуу каршылык көрсөтүп, экөө атып өлтүрүлгөн. УКМКнын бир кызматкери жаракат алган. Террордук уюмдун мүчөлөрү деп айтылгандар буга чейинки бир топ оор кылмыштар боюнча да шектелүүдө. Коопсуздук кызматы алардын жакында эле борбор калаада өлтүрүлгөн милиция кызматкеринин өлүмүнө тиешеси бар экенин айтты.

Ошондой эле Бишкекте 16-июлда атайын операция учурунда жок кылынган «Тоха» деген каймана аттуу террордук топтун башчысы менен булар тыгыз байланышта болгону маалымдалды. Атайын операцияда алардын жанынан «Макаров» үлгүсүндөгү төрт тапанча, Ф-1 гранатасы, колго жасалган жардыргыч, беткап жана уюлдук телефондор табылган.

XS
SM
MD
LG