Ссылки доступа

Тажикстанда жер титирөө болгон айылга жардам төрт күндөн кийин жеткирилди


Тажик Коргоо министрлигинин тик учагы зилзаладан жабыр тарткан Рушан районунун Бартанг айылынын тургундарына биринчи жардамды эми гана жеткирди.

Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун акимчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бартангга жакында гуманитардык жардам менен дагы 2 тик учак келет. Облус жетекчиси Шодихон Жамшед өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюу боюнча иш-чараларды жеринде көзөмөлдөп жүрөт.

Катаал аба-ырайы жана жолдун начардыгынан ал табийгат кырсыгы катталган айылга жөө келген. Интернеттеги социалдык түйүндөрдө губернатордун аракети жылуу кабыл алынып, макталууда.

Азыркы тапта шарты катаал Бартанг айылынын башкалкасыз калган жарандарын Ванч жана Хорог райондоруна тик учак менен ташуу уланууда. Тажикстандын чыгышында орун алган бул аймакта 7-декабрда 7 баллдан ашкан жер титирөө катталган. Андан 237 турак-жай урап, 588 курулушка зыян келтирилген.

XS
SM
MD
LG