Ссылки доступа

Алматанын жанында учактын кыйрашына байланыштуу кылмыш иши сотко өттү


Башкы прокуратура маалымдагандай, Алмата облусунда 2013-жылы кулап түшкөн SCAT аба компаниясынын CRJ-200 учагы боюнча иликтөө иштери жыйынтыкталды.

Тергөө кырсыкка катаал аба-ырайында учкучтардын туура эмес кадамдары себеп болгонун билдирүүдө. Алардын иликтөөсүндө учактын жерге жакындап баратканы тууралуу техникалык эскертүүчү белгилер иштеп баштаганда, башкы учкуч учакты башкара албай калганы, анын жардамчысы көмөк көрсөткөндүн ордуна диспетчер менен сүйлөшүп, алагды болгону айтылат. Ошондой эле башкы учкучка кырсыктан 2 ай мурун операция жасалганы аныкталган. Ага карабай текшерүүдөн жакшы өтпөй туруп жумушка чыккан.

Окуяда экипаждын бардык мүчөлөрү мерт кеткендиктен аларга карата кылмыш иши да токтотулган. Бирок ишти жакшы уюштурбагандыгы үчүн SCAT компаниясынын жетекчилигине кылмыш иши ачылган. Аталган аба компаниясынын учагы 2013-жылдын 29-январында Көкчө-Тоо - Алмата каттамында баратып аэропортко жакын жерде кырсыкка учураган эле. Анын кесепетинен 16 жүргүнчү жана экипаждын 5 мүчөсү каза тапкан.

XS
SM
MD
LG