Ссылки доступа

Сауд Арапстанда башкаруу бийлигине аялдар да аралашат


Сауд Арапстанда 13-декабра болгон шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы боюнча, жергиликтүү кеңешке кеминде 19 аял келиши күтүлүүдө.

Алдыга озгон талапкер айымдар арасында чоң шаарлардын тургундары жана Меккенин айланасындагы айылдардын жашоочулары да бар.

Жалпысынан шайлоодо 1,35 миллион эркек добушун берди. Анын 600гө чукулу шайлоо тилкелерине келди. Өлкөнүн тарыхында биринчи жолу аялдарга добуш берүү жана талапкер катары катышууга уруксат берилди.

XS
SM
MD
LG