Ссылки доступа

Түркмөнстан - Индия газ кууру курула баштады


Түркмөнстан Ооганстан жана Пакистан өлкөлөрүн аралап Индияга чейин жаткырыла турган TAPI деп аталган көгүлтүр отун түтүгүнүн курулушун баштады.

Анын расмий ачылышы өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Мары шаарына жакын, “Галканыш” ири газ кенинен алыс эмес жерде болду.

Ага Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Ооганстандын жетекчиси Ашраф Гани, Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф, Индиянын вице-президенти Мухаммад Хамид Ансари катышты.

Түркмөн башчысы Гурбангулы Бердымухамедов курулуш иштери 2019-жылдын декабрында бүтөрүн белгиледи.

Газды экспорттоодо Кытайдан көз карандылыкты азайтуу максатында башталып жаткан долбоорго 10 млрд. АКШ доллары сарпталары айтылууда.

TAPI газ куурунун жалпы узундугу 1814 чакырымды түзөт. Газ кууру Ооганстандын Герат, Кандагар шаарларын, Пакистандын Кветта жана Мултан калааларын аралап өтөт. Бул куур аркылуу жыл сайын 33 млрд. куб метр көгүлтүр от өткөрүү максат кылынууда.

XS
SM
MD
LG