Ссылки доступа

Армения парламенттик башкаруу ыкмасына өтө турган болду


Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы 6-декабрдагы референдумдун жыйынтыгын расмий чыгарды.

Ага ылайык, өлкө толугу менен парламенттик башкаруу системасына өтөт. Президент Серж Саргян сунуштаган Конституциялык реформа долбоорун шайлоого катышкандардын 63 пайыздан көбү колдогон. Ал эми шайлоочулардын 32 пайыздайы каршы добуш берген.

Ошол эле кезде Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы оппозициялык “Армян улуттук конгресси” партиясынын референдумдун жыйынтыгын жокко чыгаруу, таныбоо арызын кароону баштады. Партия добуш берүү массалык мыйзам бузуулар менен өткөнүн билдирүүдө. Фракция мүчөсү Левон Зурабян Баш мыйзамды өзгөртүүнү шайлоочулардын 30 пайызы гана колдогон, калган 70 пайызга жакын эл ага каршы добуш берген деп эсептейт.

Арменияда 6-декабрда Конституцияга өзгөртүү боюнча референдум өткөн. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорунда өлкөнү жарым президенттиктен толук парламенттик башкарууга өткөрүү каралган. Оппозиция парламенттик башкарууга өтүү президент Саргсяндын жеке кызыкчылыгын көздөй турганын айтып, нааразы болууда.

XS
SM
MD
LG