Ссылки доступа

Лондондо Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү сыйланды


Лондондо дүйнөлүк жана кыргыз адабиятынын классиги Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

Салтка айланган иш-чара Британ парламентинин лорддор палатасында 10-декабрда болгонун «Замандаш» бирлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Быйыл Айтматов атындагы сыйлык көп жылдан бери орус тили менен маданиятын дүйнөлүк деңгээлде өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин президенти, профессор Людмила Вербицкаяга, казак акыны, ойчул, котормочу Шакарим Кудайбергеновду таанытканы жана Казакстандагы Айтматов академиясынын ишин колдогону үчүн Астанадагы Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин башчысы, профессор Ерлан Сыдыковго берилди.

Ошондой эле түркиялык актер Кадир Инанир, Шри-Ланкадан котормочу Чулананда Самаранаяке, кыргыздын алп жазуучусунун чыгармаларын грек тилине которгон топтун өкүлдөрү да сыйланышты.

Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык 2011-жылы уюштурулган. Аны жыл сайын Лондондо негизделген Айтматов академиясы тапшырат.

XS
SM
MD
LG