Ссылки доступа

Астанада журналист Талгат Кирбетов каза болду


“Время” гезитинин 41 жаштагы өз кабарчысы Талгат Кирбетовдун сөөгү өзүнүн автоунаасынан табылды.

Анын өлүмүнө иске уулануу себеп экени божомолдонуп жатат.

Талгат Кирбетов буга чейин Казакстандагы «31-канал», «Астана», «7-канал» телекөрсөтүүлөрүндө, «Казакстан темир жолу» улуттук компаниясынын басма сөз кызматына иштеген.

Өмүрүнүн акыркы жылдарында «Время» гезитинин кабарчысы болуп эмгектенип жүргөн болчу. Маркум менен коштошуу зыйнаты шейшембиде Астанада өтөт.

XS
SM
MD
LG