Ссылки доступа

Өзбекстанда жаңы жылдан баштап ичимдик баасы көтөрүлөт


2016-жылдын 1-январынын тарта Өзбекстанда сырадан башка алкоголдук ичимдиктердин наркы кымбаттайт.

Бул тууралуу жергиликтүү булактар кабарлады. Каржы министрлиги менен салык комитетинин 3-декабрда кабыл алган чечими боюнча, баалар 15 пайыздан 25 пайызга чейин жогорулай турган болууда.

Винонун орточо дүң баасы азыр 3800 сумдун тегерегинде болсо, жаңы жылдан кийин 5400 сумга чейин өсөт.

Арактын орточо баасы мурдагыдай 9000 эмес, 10500 сумга чыгат. Коньяк эми дүкөндөрдө 13400 сум эмес, 16700 сум турат. Азыркы тапта 1 АКШ доллары 3000 сумдун тегерегинде.

XS
SM
MD
LG