Ссылки доступа

Анкара Москва менен алаканын чиеленишин көздөбөй турганын билдирди


Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу маалымдады. Ал муну менен Орусиянын коргоо министрлигинин Эгей деңизинде түрк балыкчыларына эскертүү берилип, андан кийин ок атылды деген билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Чавушоглунун айтымында, Анкара араздашууларды чатак менен эмес, диалог аркылуу чечүүгө умтулууда.

Буга чейин расмий Москва орус аскерлери түрк балыкчыларынын кемесине 600 метр калган учурда ок атканын, алар ошондон кийин гана багытын өзгөрткөнүн жарыялаган.

“Биз бир канча жолу аракет кылганыбызга карабай, түрк кемесинин экипажы Орусия деңизчилери менен байланышка чыкпады, атайын белгилерге да жооп берген жок”,- деп айтылат Орусиянын Коргоо министрлиги тараткан маалыматта.

Түркиялык балыкчылар кемесинин ээси болсо эч кандай ок атуулар болбогонун, тараптар кайчылаш өтүп кетишкенин жарыялаган.

24-ноябрда Түркия Сириянын чек арасында Су-24 согуштук учагын атып түшүргөндөн бери эки мамлекеттин мамилеси кескин начарлады. Анкара учак өз аба мейкиндигин бузганын кайталаса, Орусия муну четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG