Ссылки доступа

Жыргалбек Саматовго депутаттык мандат тапшырылды


Бул тууралуу 14-декабрда БШКнын мүчөсү Рашид Бекбасаров билдирди.

Анын айтымына караганда, эми Жыргалбек Саматовдун "Республика Ата-Журт" фракциясында депутаттык милдетин аткарууга киришүүсүнө жол ачылды.

БШКа дагы бир чечими менен "Республика Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү Болотбек Ибраимжановду депутаттык мандаттан ажыратты. Жыргалбек Саматов Орусиянын жарандыгы бар деген себеп менен "Республика Ата-Журттун" талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган эле.

Саматов БШКнын бул чечимин сотко берип, Жогорку Сот анын пайдасына чечим чыгарган.

XS
SM
MD
LG