Ссылки доступа

Өзбекстандын делегациясы Тажикстанга барат


Дүйшөмбүдө 17-18-декабрда эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда сүйлөшүүлөр өтөт.

Делегацияларды Тышкы иштер министрлеринин орун басарлары жетектейт. Анда глобалдык көйгөйлөр, Жакынкы Чыгыш, Ооганстандагы кырдаал жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү тууралуу кеп козголмокчу.

Декабрдын башында Дүйшөмбүгө өзбек ишкерлердин тобу келген. Анын жүрүшүндө соода тармагында келишимдер түзүлүп, Тажикстандын борборунда Өзбекстандын соода үйүн ачуу макулдашылган. Июнда Ташкенде соода-экономикалык кызматташуу боюнча тажик-өзбек мамлекеттер аралык комиссиясынын отуруму өткөн эле.

XS
SM
MD
LG