Ссылки доступа

Кыргызстанда аялдар менен балдардын абалы жакшырды


Бул тууралуу өлкөдөгү аялдар менен балдардын абалын баалоо боюнча Улуттук статистика комитети менен ЮНИСЕФтин маалыматында айтылат.

Ага ылайык, бул жолку иликтөөлөр оң натыйжаларды көрсөткөн. Маселен, акыркы 20 жылдан бери биринчи ирет беш жашка чейинки балдардын өлүмү азайганы байкалган.

Ошол эле маалда бушаймандык жарата турган көрсөткүчтөр да жок эмес. Алардын катарына беш жашка чейинки балдардын 2,8 пайызы жетишсиз салмакта экенин,12,9 пайызынын бою өспөй калганын кошууга болот.

Өспүрүмдөрдүн төрөтү да арбын болууда. Мындай учур миң аялдын 65ине туура келет.

Ошондой эле 20-49 жаштагы ар бир сегизинчи айым 18 куракка чейин турмушка чыкканы аныкталды.15 жаштан 19 жашка чейинки ар бир жетинчи аял ушул тапта үй-бүлөлүү же расмий эмес нике менен жашайт. Балдардын 9,9 пайызы ата-энелеринин көзү тирүү болсо деле алар менен жашабайт. Мындан тышкары ар бир тогузунчу наристенин атасы же энеси чет мамлекетте экени белгилүү болгон.

Кыргызстанда мындай изилдөөлөр 5-10 жылда бир жүргүзүлүп турат.

XS
SM
MD
LG