Ссылки доступа

Казакстан эл аралык спорттук мелдештерде эски гимн аткарылып жатканына нааразы


Спорттук иш-чараларда гимнди чаташтырып алган учурлар көп кезиге баштагандыктан, Казакстандын бардык элчиликтерине атайын тапшырма менен кат жиберилгенин өлкөнүн маданият жана спорт министринин орун басары Сакен Мусайбеков кабарлады.

Анда ар кандай мелдештердин уюштуруучуларына жаңы гимнди берүү талабы камтылган.

Мурдагы гимн ноябрда Хелсинкиде өткөн «Барыс» - «Йокерит» хоккей беттешинин ачылышында жаңырган. Ошондой эле Грозныйда оор атлетчи Иля Илин, фигурист ДенисТенге сыйлык берилген учурда да коюлган.

Өлкөнүн гимни 2006-жылы алмашып, «Менин Казакстаным» аттуу чыгарманы мамлекеттин башкы ырына айлантуу чечими кабыл алынган. Анын обонун Шамши Калдаяков чыгарса, сөзүнүн авторлору катары акын Жумекен Нажимеденов менен президент Нурсултан Назарбаев көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG