Ссылки доступа

Кытай менен Мисир камалган журналисттердин саны боюнча алдыда


Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитеттин 15-декабрда жарыяланган баяндамасында Кытай менен Египет жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү эң көп түрмөгө камалган өлкөлөр катары аталган.

Нью-Йоркто жайгашкан бул укук коргоо уюмунун изилдөөсү боюнча жалпы дүйнө жүзү боюнча үч жылдан бери түрмөгө түшкөн журналисттердин саны боюнча рекорддук көрсөткүч жай ылдыйлап баратканы белгиленген.

Азыркы кезде дүйнө жүзүндө массалык маалымат каражаттарынын 199 кызматкери түрмөдө отурат. Былтыр бул сан 221 болчу. Жыл башынан бери 1-декабрга карата Кытайда 49 журналист камалса, Мисирде 23, Иранда 19, Эритреяда 17 жана Түркияда 14 кабарчы бар. Мурдагы советтик республикалардын ичинен түрмөгө камалган журналисттердин саны боюнча Азербайжан алдыга чыккан. Азери президенти Илхам Алиевдин ишмердигин иликтеген журналист Хадижа Исмаилованы кошкондо жыл башынан бери сегиз журналист камалган. Өзбекстанда төрт журналист эркинен ажыратылган. Орусия, Түркмөнстан жана Кыргызстанда бирден журналист камалганы баяндамада жазылды.

XS
SM
MD
LG