Ссылки доступа

Орус тараптын шалаакылыгынан өзбекстандык үй-бүлө Монголиядан чыга албай турат


Орус чек арачылары өзбекстандык Батырбек Маматкуловдун үй-бүлөсүн Орусияга киргизбей койгондуктан, алар Монголиянын Баян-Улгий шаарында бир ай калууга аргасыз болушту.

Бул тууралуу Батырбек Маматкулов “Азаттыктын” өзбек кызматына кабарлады. Анын айтуусунда, буга орусиялык чек арачылардын кайдыгерлиги, шалаакы мамилеси себеп. Анткени, 2013-жылынын 4-декабрында Орусияга кирүүнүн алдында чек арачылар маалымат базасына аялынын ата-тегин Маматкулованын ордуна Маткулова деп туура эмес жазышкан.

Быйыл алар Орусияда мындан ары да калуу максатында,каттоону жаңылоо үчүн Монголияга чыгып, кайра кирүүнү көздөшкөн. Бул учурда аты-жөндүн туура эмес жазылганы байкалып, аларга 2017-жылдын июлуна чейин Орусияга киргенге тыюу салынган.

Үй-бүлө азыр Баян-Улгий шаарынын мейманканасында күн өткөрүүдө. Бул шаарда көптөгөн казак тектүү жарандар бар болгондуктан,жергиликтүү калк менен тил табышып жашап жатышат.

Орусиянын Федералдык миграция боюнча кызматы бул маселе иликтенип жатканын маалымдады.

XS
SM
MD
LG