Ссылки доступа

Теракт опузасынан улам Лос-Анжелесте мектептер жабылды


Кол салуу коркунучу болот деген шек менен АКШнын Лос-Анжелес шаарындагы бардык мамлекеттик мектептер 15-декабрда жабылды.

Буга Мектептер кеңешинин өкүлүнүн электрондук дарегине жазылган кат негиз болду. Анда Сан-Бернардинодогу теракт эми мектептерде кайталанары белгиленген. Бийлик билим берүү уяларын жабуу чечимин – коопсуздук чарасы деп түшүндүрдү.

Лос-Анжелесте 640 миңден ашуун окуучу билим алат.

Ал эми Нью-Йорк полициясынын комиссары кат жазган адам экстремист эмес, жөн эле бейбаш болушу ыктымалдыгын айтты жана мектептерди жабууну шашылыш кабыл алынган чабал чечим деп сындады. Бул пикирин ал кат жөнөткөн адам сөздөрдү ката жазганы менен негиздеп, олуттуу коркутуу мындай болбой турганын белгиледи.

Быйыл 2-декабрда Сан-Бернардино калаасында исламчыл жубайлар теракт жасап, 14 адам өлгөн жана 21и жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG